Башкы беткеКоомБишкек мэриясы 106 унааны аукционго чыгарат

Бишкек мэриясы 106 унааны аукционго чыгарат

Бишкек мэриясы муниципалдык менчикте турган 106 унааны ачык аукцион аркылуу сатыкка чыгарат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Аукцион 24-сентябрда саат 10:00дө Чүй проспектиси, 168 дарегинде өтөт.

Катышуу үчүн арыздар 18-сентябрга чейин Муниципалдык менчикти башкаруу башкармалыгында кабыл алынат.

Аукционго катышууну каалагандар тандалган лоттун номери көрсөтүлгөн арызды, өздүгүн тастыктаган документти жана кепилдик төгүмү төлөнгөнүн ырастаган документти тапшырышы керек.

Кепилдик төгүмүнүн өлчөмү лоттун баштапкы баасынын 10 пайызын түзөт.

Кошумча маалыматты 0312 979 195 (ички 4220) номери аркылуу алууга болот

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар