Бишкек жылуулук электр борборунда 2026–2027-жылдардагы жылуулук берүү мезгилине даярдык иштери уланууда. Учурда оңдоо иштеринин 80 пайызы аткарылды.
Ишкананын маалыматына караганда, бекитилген график боюнча казан жана турбиналык жабдуулар оңдолуп, электр жабдуулары текшерилип жатат. Ошондой эле отун чарбасын кышкы сезонго даярдоо иштери жүргүзүлүүдө.
ЖЭБди даярдоо иштеринин негизги максаты — суук мезгилде жылуулук энергиясын үзгүлтүксүз жана коопсуз камсыз кылуу.



