Башкы беткеКоом"Бишкек Аренада" өтүүчү концертке шаттл-автобустар уюштурулат

“Бишкек Аренада” өтүүчү концертке шаттл-автобустар уюштурулат

Бүгүн, 18-сентябрда “Бишкек Аренада” чет элдик артисттердин катышуусунда концерт өтөт. Көрүүчүлөрдүн коопсуздугун жана ыңгайлуулугун камсыз кылуу үчүн стадионго 250 шаттл-автобус уюштурулду.

Бишкек мэриясынын маалыматына караганда, шаттл-автобустар саат 15:00дөн 18:00гө чейин шаардын беш жеринен “Бишкек Аренага” каттайт:

Асанбай кичирайону, А. Токомбаев көчөсү, 3/7;

Матиев көчөсү, Алтымышов көчөсү, 98/1;

Жаштар кварталы, Малдыбаев көчөсү, 275/Б;

Т. Фрунзе көчөсү, Гагарин көчөсү, 284;

“Ынтымак” паркы.

Концерт саат 19:00дө башталат. Иш-чара аяктагандан кийин көрүүчүлөрдү кайра жеткирүү үчүн да шаттл-автобустар иштейт.

Мэрия 18-сентябрда шаардык коомдук транспорт кадимки режимде иштей турганын билдирди. Каттамдардын саны кыскартылбайт жана коомдук транспорттун иштөө режими өзгөртүлбөйт.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар