Бүгүн, 18-сентябрда “Бишкек Аренада” чет элдик артисттердин катышуусунда концерт өтөт. Көрүүчүлөрдүн коопсуздугун жана ыңгайлуулугун камсыз кылуу үчүн стадионго 250 шаттл-автобус уюштурулду.
Бишкек мэриясынын маалыматына караганда, шаттл-автобустар саат 15:00дөн 18:00гө чейин шаардын беш жеринен “Бишкек Аренага” каттайт:
Асанбай кичирайону, А. Токомбаев көчөсү, 3/7;
Матиев көчөсү, Алтымышов көчөсү, 98/1;
Жаштар кварталы, Малдыбаев көчөсү, 275/Б;
Т. Фрунзе көчөсү, Гагарин көчөсү, 284;
“Ынтымак” паркы.
Концерт саат 19:00дө башталат. Иш-чара аяктагандан кийин көрүүчүлөрдү кайра жеткирүү үчүн да шаттл-автобустар иштейт.
Мэрия 18-сентябрда шаардык коомдук транспорт кадимки режимде иштей турганын билдирди. Каттамдардын саны кыскартылбайт жана коомдук транспорттун иштөө режими өзгөртүлбөйт.



