Кыргызстанда грек жаңгагын эл аралык рынокко чыгаруу үчүн “Кыргыз Жангак” бренди жана улуттук маркетингдик план иштелип чыгып, кароого сунушталды.
Демилгенин максаты — өлкөдө өстүрүлгөн жана жыйналган жаңгакты Кыргызстандын бренди менен тышкы рынокторго экспорттоо. Бренддин алкагында продукциянын фирмалык стили, экологиялык таңгактоосу, санарип платформасы жана укуктук коргоосу каралууда.
Долбоор 2025-жылы ФАОнун колдоосу менен Айыл чарба министрлиги түзгөн жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан. Өзгөчө Жалал-Абаддагы токойлордон жыйналган жаңгакка көңүл бурулуп, “Арстанбап жаңгагы” географиялык көрсөткүчү буга чейин катталган.
Бренд жана маркетингдик план акыркы этапта бекитилгенден кийин кыргыз жаңгагын жаңы аталыш менен чет өлкөлүк рынокторго чыгаруу пландалууда.



