Башкы беткеМинистрлер кабинетиЖээнбек Кулубаев Словакиянын тышкы иштер министри менен жолугушту

Жээнбек Кулубаев Словакиянын тышкы иштер министри менен жолугушту

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Словакиянын тышкы иштер министри Юрай Бланар менен жолугушту. Жолугушуу 23-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында өттү.

Тараптар кыргыз-словакиялык саясий диалогду жандандыруу, жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу маселелерин талкуулашты. Ошондой эле соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүгө көңүл бурулду.

Мындан тышкары, санкциялык маселелер боюнча өз ара аракеттенүү жана биргелешкен иш алып баруу мүмкүнчүлүктөрү каралды.

Жолугушууда эки өлкөнүн кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн келишимдик-укуктук базаны кеңейтүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.

Сүйлөшүүнүн соңунда Жээнбек Кулубаев словакиялык тарапты 2027-жылы Кыргызстанда өтө турган «Бишкек+25» Экинчи Дүйнөлүк тоо саммитине катышууга чакырды.

Министр тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү маселелерин илгерилетүүдө эл аралык кызматташтыктын маанилүү экенин белгиледи.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар