Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Словакиянын тышкы иштер министри Юрай Бланар менен жолугушту. Жолугушуу 23-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында өттү.
Тараптар кыргыз-словакиялык саясий диалогду жандандыруу, жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу маселелерин талкуулашты. Ошондой эле соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүгө көңүл бурулду.
Мындан тышкары, санкциялык маселелер боюнча өз ара аракеттенүү жана биргелешкен иш алып баруу мүмкүнчүлүктөрү каралды.
Жолугушууда эки өлкөнүн кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн келишимдик-укуктук базаны кеңейтүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.
Сүйлөшүүнүн соңунда Жээнбек Кулубаев словакиялык тарапты 2027-жылы Кыргызстанда өтө турган «Бишкек+25» Экинчи Дүйнөлүк тоо саммитине катышууга чакырды.
Министр тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү маселелерин илгерилетүүдө эл аралык кызматташтыктын маанилүү экенин белгиледи.



