Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети 28-сентябрдагы жыйынында «Баатыр эне» ордени менен сыйланган энелердин балдарына билим берүү жеңилдиктерин берүү боюнча чечимдин аткаруу мөөнөтүн 2027-жылдын 31-декабрына чейин узартуу тууралуу токтом долбоорун карап, жактырды.
Кеп Жогорку Кеңештин 2026-жылдын 23-апрелиндеги №446-VIII “Баатыр эне” ордени менен сыйланган энелердин балдарына мамлекеттик билим берүү чөйрөсүндө жеңилдиктерди берүү жөнүндө» токтому тууралуу болуп жатат.
Токтомду ишке ашыруунун алкагында аталган категориядагы жарандардын балдары үчүн жогорку окуу жайларда билим алууга 500 гранттык орун каралган.
Комитеттин жыйынында гранттык орундарды каржылоого керектелүүчү каражаттарды 2027-жылга республикалык бюджетте карап чыгуу пландалып жатканы белгиленди.
Эске салсак, Жогорку Кеңеш 2026-жылдын 23-апрелинде “Баатыр эне” ордени менен сыйланган энелердин балдарына билим берүү жеңилдиктерин берүү тууралуу токтомду кабыл алган.
Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда “Баатыр эне” ордени менен сыйланган 42 миңге жакын аял бар.
Ошондой эле 2026-жылдын май айында тиешелүү өзгөртүүлөр талкууланып, «Баатыр эне» ордени менен сыйланган энелердин балдарын жогорку окуу жайларга кабыл алууда жеңилдик берилүүчү категориялардын тизмесине киргизүү жана алар үчүн жыл сайын кеминде 500 кошумча гранттык орун бөлүү сунушталган.



