Башкы беткеКоомКыргызстанда жумуш издөө үчүн бирдиктүү порталдар ишке кирди

Кыргызстанда жумуш издөө үчүн бирдиктүү порталдар ишке кирди

Кыргызстанда жумуш издөө жана кызматкерлерди тандоо үчүн Jumush.gov.kg жана Find-Ish.gov.kg электрондук порталдары ишке кирди. Платформалар 2026-жылдын 22-июлунан тартып пилоттук режимде иштеп жатат.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, порталдар жумуш издеген жарандарды, иш берүүчүлөрдү жана мамлекеттик органдарды бирдиктүү санариптик чөйрөгө бириктирет.

Жарандар бош жумуш орундарын көрүп, катталып, резюме жайгаштырып жана иш берүүчүлөр менен түз байланыш түзө алышат. Иш берүүчүлөр болсо бош орундарын акысыз жарыялап, керектүү адистерди издей алышат.

Министрликтин маалыматына караганда, порталдар эмгек рыногундагы суроо-талапты талдоого, тартыш кесиптерди аныктоого жана кадрларды даярдоо багыттарын аныктоого да жардам берет. Эмгек миграциясынан кайтып келген жарандарды өлкө ичинде жумушка орноштурууга да көңүл бурулат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар