Башкы беткеКоомЫсык-Көлдө 30 гектар жайыт жер мамлекетке кайтарылды

Ысык-Көлдө 30 гектар жайыт жер мамлекетке кайтарылды

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен 29,9 гектар жайыт жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Тоң районунун прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүдө Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнө караштуу жайыт жерлердин 2007-жылы мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өтүп кеткени аныкталган.

Прокурордук чаралардын жыйынтыгында базар баасы 49 млн 200 миң сом деп бааланган 29,9 гектар жер тилкеси толугу менен мамлекеттин карамагына кайтарылды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар