Башкы беткеКоомБишкекте эттин баасына көзөмөл жүргүзүү боюнча рейддер уланууда

Бишкекте эттин баасына көзөмөл жүргүзүү боюнча рейддер уланууда

Бишкекте уй жана кой этинин баасына көзөмөл жүргүзүү боюнча рейддер уланууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Рейддер райондук муниципалдык администрациялар тарабынан Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын, ветеринардык кызматтардын жана башка тиешелүү органдардын өкүлдөрү менен биргеликте өткөрүлүүдө.

Текшерүүлөр базарларда, кичи базарларда, соода комплекстеринде, дүкөндөрдө жана башка соода жайларында жүргүзүлүп, эттин бааларына мониторинг жасалууда. Сатуучуларга бааны негизсиз жогорулатпоого жана ветеринардык-санитардык талаптарды сактоого байланыштуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Октябрь районунда «Орто-Сай» базары, төрт кичи базар жана 23 соода түйүнү текшерилген. Ленин районунда рейддер «Ош базары» соода-базар комплексинде өткөрүлгөн. Свердлов районунда уй жана кой этинин бааларына мониторинг жүргүзүлүүдө.

Ал эми Биринчи Май районунда 2025-жылдын 15-августунан 2026-жылдын 28-сентябрына чейин 181 рейд өткөрүлгөн.

Свердлов районунда соодагерлерге сунушталган баалар уй этинин килограммына 770 сом, кой этинин килограммына 880 сом экени айтылды.

Мэриянын маалыматына ылайык, рейддердин максаты — азык-түлүк рыногундагы баалардын туруктуулугун камсыз кылуу жана эттин баасынын негизсиз өсүшүнө жол бербөө.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар