Кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова Японияда өтүп жаткан XX Азия оюндарында 68 кг салмак категориясында коло медалга ээ болду.
Коло медаль үчүн болгон беттеште Жуманазарова Түштүк Кореянын өкүлү Пак Хён Гёнду 8:1 эсебинде жеңди.
Мелдештин алгачкы баскычында ал өзбекстандык Фируза Есенбаеваны 8:0 эсебинде уткан. Ал эми жарым финалда түндүк кореялык Пак Сол Гумга жеңилип калган.



