Мектептердин чарбалык иштерине керектүү буюмдарды сатып алууга каражат мамлекеттик бюджеттен милдеттүү түрдө бөлүнөт.
Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, 2026-жылы мамлекеттик мектептер үчүн чарба жана кеңсе товарларын сатып алууга республикалык бюджеттен 205,5 млн сом, ал эми учурдагы оңдоо иштерине 404,8 млн сом каралган.
Бул каражаттар мектептердин күнүмдүк чарбалык муктаждыктарын камсыз кылууга жана оңдоо иштерин жүргүзүүгө багытталат.
#БилимБерүү #Мектеп #Кыргызстан



