Башкы беткеКоом«Мадина» базарындагы өрттөн кийинки чыгымды аныктоо иштери уланууда

«Мадина» базарындагы өрттөн кийинки чыгымды аныктоо иштери уланууда

Бишкек шаардык мэриясы «Мадина» базарындагы өрттөн жабыркагандарга компенсация төлөнүп жатканы тууралуу тарап жаткан маалыматтар боюнча түшүндүрмө берди.

Мэриянын маалыматына караганда, учурда өрттүн келип чыгуу себептери жана келтирилген чыгымдын көлөмү аныкталууда. Алдын ала эсептөөлөрдүн негизинде чыгымдын суммасын Свердлов райондук администрациясы аныктап, тиешелүү маалыматтарды укук коргоо органдарына өткөрүп берген.

Ошол эле учурда тергөө иштери уланууда. Анын алкагында өрттүн бардык жагдайлары жана окуяга жооптуу адамдар аныкталууда.

Мэрия компенсация төлөнбөйт деп айтууга азырынча эрте экенин белгиледи. Тергөө жана текшерүү иштери аяктап, келтирилген чыгымдын акыркы көлөмү аныкталгандан кийин жабыркагандарга төлөм жүргүзүү маселеси каралат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар