Башкы беткеКоом"Түндүктө" айдоочулук күбөлүк кызматтары убактылуу жеткиликсиз болот

“Түндүктө” айдоочулук күбөлүк кызматтары убактылуу жеткиликсиз болот

“Түндүк” мобилдик тиркемесинде айдоочулук күбөлүккө байланыштуу айрым электрондук кызматтар убактылуу көрсөтүлбөйт. Бул тууралуу “Кызмат” мамлекеттик мекемесинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, чектөө 1-октябрда саат 12:30дан 3-октябрда саат 12:30га чейин күчүндө болот. Бул убакыт аралыгында система жаңыланып, жаңы электрондук кызматтар ишке киргизилет.

Убактылуу жеткиликсиз болгон кызматтар:

айдоочулук күбөлүктү биринчи жолу алуу;

күбөлүктү жоготуп алган учурда кайра алуу;

айдоо укугунан ажыратуу мөөнөтү аяктагандан кийин күбөлүктү кайтарып алуу;

кайра даярдоодон өткөндөн кийин жаңы категория алуу;

убактылуу айдоочулук күбөлүк алуу.

Кызматтар келерки аптанын башында кайра ишке кириши күтүлүүдө. Кызматтардын жеткиликтүүлүгү калыбына келтирилгенде кошумча маалымат берилет.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар