Башкы беткеКоомБишкекте Жукеев-Пудовкин көчөсүндө унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет

Бишкекте Жукеев-Пудовкин көчөсүндө унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет

3-октябрда Бишкектеги Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн айрым тилкелеринде унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.

Чектөө саат 07:00дөн 23:00гө чейин асфальттын бузулган бөлүктөрүн алмаштыруу иштерине байланыштуу киргизилет.

Кыймыл төмөнкү тилкелерде чектелет:

  • Медеров көчөсүнөн Карасаев көчөсүнө чейин;
  • Карасаев көчөсүнөн Анкара көчөсүнө чейин.

«Бишкекжылуулук тармагы» муниципалдык ишканасы айдоочулардан каттамдарын алдын ала пландап, альтернативдүү жолдорду тандоону өтүндү.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар