Өлкө аймагында жаан, тоолордо кар жаап, айрым жерлерде жаан-чачын катуу болот.
Шамалдын ылдамдыгы 15–20 м/с, Ысык-Көлдө 24 м/с чейин жетиши мүмкүн.
5-6-октябрда абанын температурасы кескин төмөндөйт.
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 9…14 градус
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 9…14 градус
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 16…21 градус
Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 1…6, күндүз 11…16 градус болот.
Бул аймактардын тоолуу жерлеринде түнкүсүн үшүк жүрөрү айтылды.



