Башкы беткеКоомБишкекте канча адам жашары айтылды

Бишкекте канча адам жашары айтылды

Бишкектин калкы 1,5 миллионго жетти, ошондой эле күн сайын шаарга 200 миңдей адам жумушка келип-кетет. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев “Эгемендүүлүк доорунда Бишкек шаарын өнүктүрүү” аталышындагы конференцияда билдирди.
Анын айтымында, калаада автоунаалардын саны да өсүүдө. Калктын саны инфраструктуранын өсүшүнөн тез болуп, мындан улам жолдорго жана инженердик тармактарга күч келип, абанын сапаты, транспорт, жашылдандыруу жана шаардын тарыхый көрүнүшүн сактоо маселелери курчуп жатат.
Жунушалиев бул көйгөйлөрдү чечүүдө илим менен практиканы айкалыштыруу зарыл экенин айтып, окумуштууларды шаарды өнүктүрүү боюнча сунуш берүүгө чакырды.
Ал ошондой эле Бишкекти заманбап өнүктүрүү менен бирге улуттук өзгөчөлүктү сактоо, мамлекеттик тилди борбор калаада кеңири колдонуу жана жаңы кошулган аймактарды шаар менен бир бүтүн кылып өнүктүрүү маселелерин белгиледи.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар