Башкы беткеКоом"Жамийла" Астанадагы эл аралык театр фестивалында көрсөтүлдү

“Жамийла” Астанадагы эл аралык театр фестивалында көрсөтүлдү

Кыргыз мамлекеттик Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын чыгармачыл жамааты Астанада өтүп жаткан «TETRALL» IV эл аралык театр фестивалына катышууда.

4-октябрда театрдын жамааты Чыңгыз Айтматовдун «Жамийла» повестинин негизинде даярдалган спектаклин көрүүчүлөргө тартуулады. Коюлуш Астанадагы Музыкалык жаш көрүүчүлөр театрынын сахнасында көрсөтүлүп, көрүүчүлөрдүн жылуу кабыл алуусуна ээ болду. Зал толуп, спектаклдин соңунда чыгармачыл топко кызуу кол чабуулар жаңырды.

Спектаклде сүйүү, адамдын эркиндиги, тандоо жана руханий баалуулуктар темалары камтылган.

Коюлушту Казакстандагы Кыргызстандын элчиси Кудайберген Базарбаев да көрдү.

Быйыл 1–7-октябрь күндөрү өтүп жаткан «TETRALL» фестивалы Казакстандын театр жана кино актрисасы, Эл артисти Меруерт Утекешованын 75 жылдыгына арналган.

Кыргыз мамлекеттик Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театры фестивалга Кыргызстандын атынан катышууда.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар