Башкы беткеКоомАзия оюндары-2026: Кыргызстан 25-орунду ээледи

Азия оюндары-2026: Кыргызстан 25-орунду ээледи

Кыргызстандын курама командасы Япониянын Айти префектурасы жана Нагоя шаарында өткөн XX Азия оюндарында 14 медаль жеңип, жалпы командалык эсепте 37 өлкөнүн арасынан 25-орунду ээледи.

Кыргызстандык спортчулар 1 алтын, 3 күмүш жана 10 коло медалга ээ болушту.

Алтын медаль:

  • Жоламан Шаршенбеков — грек-рим күрөшү, 60 кг чейин.

Күмүш медалдар:

  • Эрлан Шеров — дзюдо, 90 кг чейин;
  • Денис Петрашов — сууда сүзүү;
  • Асан Жанышов — грек-рим күрөшү, 87 кг чейин.

Коло медалдар:

  • Акжол Махмудов — грек-рим күрөшү, 77 кг чейин;
  • Мээрим Жуманазарова — кыз-келиндер күрөшү, 68 кг чейин;
  • Раззак Бейшекеев — грек-рим күрөшү, 67 кг чейин;
  • Кубанычбек Айбек уулу — кураш, 66 кг чейин;
  • Сыймык Жаныбек уулу — ММА, 77 кг чейин;
  • Дастан Каныбек уулу — ММА, 60 кг чейин;
  • Ырыскелди Дүйшеев — ММА, 71 кг чейин;
  • Малик Шаваев — эркин күрөш, 86 кг чейин;
  • Айпери Медет кызы — кыз-келиндер күрөшү, 76 кг чейин;
  • Абдурахман Муртазалиев — джиу-джитсу, 85 кг чейин.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар