Башкы беткеКоом"Бишкек Аренага" акысыз автобустар кайсы жерлерден каттайт?

“Бишкек Аренага” акысыз автобустар кайсы жерлерден каттайт?

5-октябрда «Бишкек Арена» стадионунун ачылыш аземине бара турган жарандар үчүн акысыз автобус каттамдары уюштурулат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Майрамдык иш-чарага көрүүчүлөрдү жеткирүү үчүн 10 автобус каттамы ишке тартылат. Автобустар белгиленген пункттардан «Бишкек Аренага» саат 15:00дөн 18:00гө чейин каттайт.

Акысыз автобустар төмөнкү жерлерден жөнөйт:

  • «Өчпөс от» (Ибраимов — Фрунзе көчөлөрүнүн кесилиши);
  • «Батыш автобекети» (Жибек жолу проспекти — Кулиев көчөсү);
  • «Киркомстром» (Барпы Алыкулов көчөсү, 32);
  • Асанбай кичи району (А. Токомбаев көчөсү, 3/7);
  • «Ак-Кула» автобекети (Кожомкул айылы, Фрунзе көчөсү, 13Б/1);
  • Аламүдүн-1 кичи району (Ауэзов көчөсү, 4);
  • Көк-Жар конушу (Ахунбаев — Достоевский көчөлөрүнүн кесилиши);
  • Т. Фрунзе көчөсү (Гагарин көчөсү, 284);
  • Абдымомунов көчөсү, 220;
  • Сухэ-Батор көчөсү, «Глобус» дүкөнүнүн жанынан.

Каттамдар «Бишкек Аренага» барып, иш-чара аяктагандан кийин жарандарды кайра белгиленген жөнөө пункттарына жеткирет.

Мэрия шаар тургундарын жана борбор калаага келген конокторду жеке унаанын ордуна уюштурулган акысыз автобустарды пайдаланууга чакырды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар