Башкы беткеКоомСасык тумоого каршы эмдөө башталды

Сасык тумоого каршы эмдөө башталды

Кыргызстанга сасык тумоого каршы вакцина жеткирилип, бардык аймактарга бөлүштүрүлдү. Бишкектеги үй-бүлөлүк медицина борборлорунда эмдөө башталды. Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин башкармалыгынын жетекчиси Динара Оторбаева “Биринчи радионун” эфиринде билдирди.

Анын айтымында, вакцина биринчи кезекте тобокелдик тобуна кирген жарандарга акысыз сайылат. Алар:

  • өнөкөт оорулары барлар;
  • кош бойлуу аялдар;
  • жаш балдардын арасында тез-тез ооругандар;
  • медицина кызматкерлери;
  • 65 жаштан жогорку жарандар.

Оторбаева белгилегендей, эмдөө сасык тумоонун оор өтүү жана анын кесепеттерине кабылуу коркунучун азайтууга багытталган. Вакцина алган адам оорубайт деген кепилдик жок, бирок оору жеңилирээк өтүшү мүмкүн.

Ал эми башка жарандар эмдөөнү вакцина сайууга уруксаты бар жеке медициналык жайлардан акы төлөп ала алышат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар