Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын, экологдорду, активисттерди, ыктыярчыларды, коомдук уюмдардын өкүлдөрүн жана журналисттерди Экологиялык кеңештин ачык жыйынына катышууга чакырат.
Жыйын 8-октябрда саат 16:00дө И. Айдарбеков көчөсүндө (мурдагы Жаш Гвардия бульвары) өтөт. Иш-чарага мэр Айбек Жунушалиев да катышат.
Жыйында Бишкекти жашылдандыруу, жашыл коомдук жайларды өнүктүрүү жана экологиялык маселелер талкууланат. Катышуучулар бульвардагы реконструкция иштеринин жыйынтыгы менен таанышып, аймакты кыдырып чыгышат.
Катышуучуларды чогултуу саат 15:30да Чүй проспектиси менен И. Айдарбеков көчөсүнүн кесилишиндеги фонтандын жанында болот.
Жыйынга катышуу үчүн 8-октябрга чейин алдын ала катталуу керек. Катталуу үчүн +996 550 900 358 номерине кайрылса болот.



