Баткен облусунда дагы 13 жетим балага турак жай куруу үчүн жер тилкелери кезексиз бөлүнүп, тиешелүү документтер тапшырылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жер тилкелери прокуратура органдарынын балдардын мүлктүк укуктарын коргоо багытында жүргүзгөн иштеринин натыйжасында берилген.
Жалпысынан 2026-жылдын башынан бери Баткен облусунда 18 жетим балага үй куруу үчүн жер тилкелери кезексиз бөлүнүп берилди.



