Башкы беткеКоомБаткенде жыл башынан бери 18 жетим балага үй куруу үчүн жер берилди

Баткенде жыл башынан бери 18 жетим балага үй куруу үчүн жер берилди

Баткен облусунда дагы 13 жетим балага турак жай куруу үчүн жер тилкелери кезексиз бөлүнүп, тиешелүү документтер тапшырылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жер тилкелери прокуратура органдарынын балдардын мүлктүк укуктарын коргоо багытында жүргүзгөн иштеринин натыйжасында берилген.

Жалпысынан 2026-жылдын башынан бери Баткен облусунда 18 жетим балага үй куруу үчүн жер тилкелери кезексиз бөлүнүп берилди.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар