Башкы беткеКоомМанас шаарында 5 гектар жерге бадам жана мисте отургузулат

Манас шаарында 5 гектар жерге бадам жана мисте отургузулат

Манас шаарындагы Доскана айылында 5 гектар жерге бадам жана мисте тигилет. Учурда аталган аймакты коммуналдык кызматкерлер короолоп жатышат.

Шаар мэриясынын маалыматына ылайык, жер тилкесине бадам жана мистенин 5 миң түп көчөтү отургузулуп, 30 миң уругу себилет.

Иш-чара “Жашыл мурас” улуттук кампаниясынын алкагында жүргүзүлүүдө.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар