Манас шаарындагы Доскана айылында 5 гектар жерге бадам жана мисте тигилет. Учурда аталган аймакты коммуналдык кызматкерлер короолоп жатышат.
Шаар мэриясынын маалыматына ылайык, жер тилкесине бадам жана мистенин 5 миң түп көчөтү отургузулуп, 30 миң уругу себилет.
Иш-чара “Жашыл мурас” улуттук кампаниясынын алкагында жүргүзүлүүдө.



