Башкы беткеКоомОрунбеков энергетикалык суусундуктардын зыяндуулугу тууралуу эскертти

Орунбеков энергетикалык суусундуктардын зыяндуулугу тууралуу эскертти

Бир жылдан бери спорт менен активдүү алектенип, дем алыш күндөрү тоо чокуларына чыгып жүргөн Орунбеков жаштар арасында энергетикалык суусундуктарды көп колдонуу көрүнүшүнө тынчсыздануусун билдирди. Ал ата-энелерди балдарынын ден соолугуна көңүл бурууга чакырды.

Орунбековдун айтымында, акыркы убактарда тоого чыккан жаштардын колунан энергетикалык суусундуктарды көп көрүүгө болот. Мындай көрүнүш шаарларда да кеңири кездешип, дүкөндөрдө аталган суусундуктардын түрлөрү арбын сатылууда.

Ал жаштардын спортко кызыгып, сергек жашоо образын тандап жатканына кубанарын, бирок ошол эле учурда энергетикалык суусундуктарды көп колдонушу тынчсыздандырарын белгиледи.

«Көпчүлүк энергетикалык суусундуктарды энергия берген каражат катары кабыл алышат. Бирок аларды ичкенден кийин адам өзүн сергек сезгени менен, бул организмдин энергия запасы көбөйдү дегенди билдирбейт. Мындай суусундуктар жүрөктүн кагышын тездетип, уйкунун бузулушуна жана башка ден соолук көйгөйлөрүнө алып келиши мүмкүн», — деп жазды ал.

Орунбеков энергетикалык суусундуктарды ашыкча колдонуу жүрөктүн тез согушуна, кан басымдын жогорулашына, нерв системасынын козголушуна жана уйкусуздукка себеп болушу мүмкүн экенин эскертти. Ошондой эле ал мындай азыктардын ден соолукка тийгизген таасири тууралуу маалыматтарды кеңири жайылтуу зарылдыгын белгиледи.

Анын пикиринде, жаштар арасында сергек жашоо маданиятын калыптандыруу үчүн спорт менен машыгуу гана жетишсиз. Туура тамактануу, жетиштүү эс алуу жана ден соолукка зыян келтириши мүмкүн болгон адаттардан алыс болуу да маанилүү.

«Ата-энелер балдарыбызга энергетикалык суусундуктардын мүмкүн болгон зыяндары тууралуу маалымат берип, алардын ден соолугуна көңүл буруп турсак, ашыкча болбойт. Мен билген зыяндуулугу ушулар. Сиздер билген зыяндуулугун да жазып кетсеңиздер», — деген кайрылуу менен Орунбеков коомчулукка суроо салды.

Адистердин маалыматына ылайык, энергетикалык суусундуктардын курамындагы кофеин жүрөктүн кагышын тездетип, кан басымды жогорулатып, уйкуга терс таасир этиши мүмкүн. Айрыкча балдар менен өспүрүмдөр үчүн кофеинди ашыкча колдонуу кооптуу. Ошондуктан мындай суусундуктарды тандоодо алардын курамына жана кофеиндин өлчөмүнө көңүл буруу зарыл.

Ошол эле учурда энергетикалык суусундуктар рак оорусун түздөн-түз пайда кылары тууралуу жалпы илимий далилдер жетиштүү эмес. Андыктан ден соолукка байланыштуу мындай маалыматтарды ишенимдүү медициналык булактарга таянып баалоо маанилүү.

Орунбековдун кайрылуусу жаштардын ден соолугу, туура тамактануу жана сергек жашоо образын калыптандыруу маселелерине коомчулуктун көңүлүн бурууга багытталган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар