14-октябрда түнкүсүн өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз республиканын айрым жерлеринде жаан жаап, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрге жетет.
Чүй жана Баткен облустарында абанын температурасы +18…+23, Талас облусунда +17…+22, Ош жана Жалал-Абад облустарында +19…+24, Ысык-Көл облусунда +13…+18, Нарын облусунда +14…+19 градус жылуу болот.
Бишкек жана Ош шаарларында күндүз абанын температурасы +21…+23 градуска чейин көтөрүлөт.



