Башкы беткеКоомКыргызстанда 14-октябрда күн кандай болот?

Кыргызстанда 14-октябрда күн кандай болот?

14-октябрда түнкүсүн өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз республиканын айрым жерлеринде жаан жаап, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрге жетет.

Чүй жана Баткен облустарында абанын температурасы +18…+23, Талас облусунда +17…+22, Ош жана Жалал-Абад облустарында +19…+24, Ысык-Көл облусунда +13…+18, Нарын облусунда +14…+19 градус жылуу болот.

Бишкек жана Ош шаарларында күндүз абанын температурасы +21…+23 градуска чейин көтөрүлөт.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар