Башкы беткеКоомКант жана Токмок шаарларында ишкерлер менен камсыздандыруу маселелери талкууланды

Кант жана Токмок шаарларында ишкерлер менен камсыздандыруу маселелери талкууланды

Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун (МКУ ААК) төрагасынын орун басары Закир Айдралиев 22-октябрда Токмок шаарынын мэри Кутпидин Шакиров, ал эми 23-октябрда Кант шаарынын мэри Улан Майлибашев менен жолугушту. Ошондой эле эки шаардын ишкерлери жана өндүрүш ишканаларынын жетекчилери менен жолугуп, мүлктү камсыздандыруунун маанилүүлүгүн жана мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады.

Жолугушуулардын жүрүшүндө ишкердик мүлктү, товарларды, жабдууларды жана өндүрүш объектилерин камсыздандыруунун артыкчылыктары тууралуу кеңири маалымат берилди. Закир Айдралиев ишкерлердин суроолоруна жооп берип, камсыздандыруу полисин тариздөө тартибин, керектүү документтерди жана камсыздандыруу окуясы катталган учурда төлөм алуу шарттарын түшүндүрдү.

Кыш мезгилинин алдында өрт коопсуздугун камсыз кылуу маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Ишкерлерге электр жабдууларын туура пайдалануу, жылытуу системаларын текшерүү, электр зымдарынын абалын көзөмөлдөө жана өрттүн алдын алуу чараларын күчөтүү зарылдыгы эскертилди.

Жакында Мадина жана Жунхай базарларында катталган өрт кырсыктары соодагерлерге олуттуу материалдык зыян келтирип, көптөгөн ишкерлерди оор кырдаалга кептеди. Бул окуялар товарларды, жабдууларды жана башка мүлктү алдын ала камсыздандыруунун маанилүүлүгүн дагы бир жолу көрсөттү.

Камсыздандыруу күтүлбөгөн кырсыктардан улам келип чыккан чыгымдарды азайтууга жана ишкердикти калыбына келтирүүгө жардам берет. Ошондуктан ишкерлерге өздөрүнүн ишмердүүлүгүнүн өзгөчөлүктөрүнө жана муктаждыктарына жараша мүлкүн камсыздандыруу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгуу сунушталды.

Ошондой эле жолугушууларда автоунаа ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу (ОСАГО), турак жайды милдеттүү камсыздандыруу (ОСЖ) жана товарларды, эмеректерди, тиричилик техникасын, өндүрүш жабдууларын жана башка мүлктү ыктыярдуу камсыздандыруу маселелери боюнча маалымат берилди.

Ишкерлерге камсыздандыруу келишимин түзүүдө анын шарттарын кылдат окуп чыгуу, камсыздандыруу суммасын туура аныктоо жана талап кылынган документтерди өз убагында даярдоо зарылдыгы белгиленди.

Мүлктү камсыздандыруу — ишкердикти күтүлбөгөн тобокелдиктерден коргоонун жана каржылык туруктуулукту сактоонун маанилүү куралы. Өрт, табигый кырсыктар жана башка күтүлбөгөн окуялар учурунда камсыздандыруу материалдык жоготууларды азайтууга жана ишкердик ишмердүүлүктү улантууга көмөк көрсөтөт.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар