Бүгүн, 3-октябрда, Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Кыргызстанга расмий сапар менен келген Грузия парламентинин төрагасы Шалва Папуашвили менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык жана парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Марлен Маматалиев Кыргызстан Грузия менен достукка жана өз ара ишенимге негизделген өнөктөштүктү бекемдөөгө кызыкдар экенин белгиледи. Ал өзгөчө транзит, логистика, инвестиция, туризм, энергетика, айыл чарба жана кайра иштетүү тармактарында кызматташууну кеңейтүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду.
Ошондой эле мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана парламенттер аралык диалогду күчөтүү сунушталды.
Мындан тышкары, эки өлкөнүн маданият күндөрүн өткөрүү, аймактар аралык байланыштарды өнүктүрүү жана Грузияга барууну каалаган кыргызстандыктар үчүн визалык талаптарды жеңилдетүү демилгеси көтөрүлдү.
Өз кезегинде Шалва Папуашвили Кыргызстанга жасаган расмий сапары эки тараптуу мамилелерди жаңы деңгээлге чыгарууга өбөлгө түзөрүнө ишеним билдирди. Ал Марлен Маматалиевди Грузияга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.
Грузия парламентинин төрагасы Жибек жолунун багытындагы транспорттук коридорлорду өнүктүрүү, логистика, энергетика жана туризм тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу зарылдыгын белгиледи.
Жолугушуунун соңунда Марлен Маматалиев конокту Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү менен тааныштырып, жыйындар залындагы санариптик мүмкүнчүлүктөрдү көрсөттү.


