Кытайдын Фуцзянь провинциясында «Бир алкак – бир жол» медиа кызматташтык форуму – 2026 расмий ачылды. Эл аралык иш-чарага 120 өлкөдөн 327ден ашык медиа өкүлү катышууда. Алардын катарында «Кыргыз Туусу» маалымат басма үйүнүн жетекчилиги да бар.
Форум Кытайдын Фуцзянь провинциясынын өкмөтү жана Кытай Коммунисттик партиясынын башкы басылмасы – «Жэньминь жибао» гезити тарабынан биргеликте уюштурулду.
Иш-чарада «Бир алкак – бир жол» демилгесинин алкагында эл аралык медиалардын кызматташтыгын чыңдоо, маалымат алмашуу, жасалма интеллект жана санариптик технологияларды журналистикада колдонуу маселелери талкууланууда.
Форумдун катышуучулары жалган маалыматтарга каршы күрөшүү, медиа тармагындагы байланыштарды кеңейтүү жана өлкөлөр ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгилешти.
Кытай өкүлдөрү жасалма интеллект медианын жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачып жатканын белгилеп, Жибек жолу мейкиндигиндеги мамлекеттердин маалымат каражаттары санариптик технологияларды натыйжалуу пайдаланууга тийиш экенин айтышты.
Форумдун ачылыш аземинде «Бир алкак – бир жол» медиа кызматташтыгы боюнча «Фучжоу демилгеси» аттуу документ да расмий тааныштырылды.
Эл аралык форум журналисттердин тажрыйба алмашуусуна, мамлекеттер ортосундагы маалыматтык байланыштарды чыңдоого жана медиа кызматташтыктын жаңы багыттарын аныктоого өбөлгө түзөт.


