Өзгөн районунун Ата-Башат айылындагы жолго сапатсыз асфальт төшөлгөнү боюнча тургундун видео кайрылуусунан кийин жеринде текшерүү жүрдү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Адистер төшөлгөн асфальттын сапатын текшерүү үчүн лабораторияга керн үлгүлөрүн жөнөтүшкөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында подрядчы “Толман” ЖЧКсына 200 миң сом айып салынып, кемчиликтерди жоюуга 10 күн мөөнөт берилди.
Белгилей кетсек, Жалпак-Таш айыл өкмөтү буйрутма берген 3,2 чакырым жолдун 700 метрине асфальт төшөлгөн. Сапатты көзөмөлдөө улантылары эскертилди.


