Кыргызстанда көмүрдү автоунаалар аркылуу чет өлкөгө экспорттоого киргизилген чектөөнү дагы алты айга узартуу сунушталууда.
Сунушка ылайык, тыюу катуу отунду автоунаа менен өлкөдөн чыгарууга гана тиешелүү болот. Ал эми «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы ташыган көмүргө, ошондой эле «Эркечтам» жана «Торугарт» өткөрмө бекеттери аркылуу экспорттолгон отунга чектөө жайылтылбайт.
Бул чара күз-кыш мезгилинде ички рынокту көмүр менен жетиштүү камсыз кылуу, ошондой эле анын баасынын негизсиз өсүшүнө жол бербөө максатын көздөйт.


