«ВКонтакте» социалдык тармагынын оператору болгон «ВК» ЖЧКсы Кыргызстанда салыктык каттоодон өтүп, отчетторун тапшырды жана салыктык милдеттенмелерин толук аткарды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, чет өлкөлүк санариптик компаниялардын салык мыйзамдарын сактоосун камсыздоо боюнча иштер уланууда.
Мындай компаниялардын Кыргызстанда каттоодон өтүп, салык төлөшү жергиликтүү жана чет өлкөлүк рынок катышуучулары үчүн бирдей атаандаштык шарттарды түзүүгө багытталган.
Мамлекеттик салык кызматы «ВК» ЖЧКсынын салык мыйзамдарынын талаптарын аткаруусун кубаттап, өлкөдө электрондук кызматтарды көрсөткөн башка чет өлкөлүк уюмдарга карата да тиешелүү иштер улантыларын белгиледи.


