Башкы беткеКоомКыргызстанда сасык тумоо жана ОРВИ менен ооругандардын саны бир жумада 6,9 пайызга...

Кыргызстанда сасык тумоо жана ОРВИ менен ооругандардын саны бир жумада 6,9 пайызга өстү

Кыргызстанда 24-октябрдан 31-октябрга чейин курч респиратордук вирустук инфекция жана сасык тумоо менен ооругандардын 10 миң 432 учуру катталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.

Маалыматка ылайык, өткөн жумага салыштырмалуу ооругандардын саны 6,9 пайызга көбөйгөн. Ал эми 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу көрсөткүч 1,5 эсеге өскөн.

Ооругандардын жалпы санынын 68,1 пайызын 14 жашка чейинки балдар түзөт. Бул 7,1 миң учурга туура келет.

Лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгында өлкөдө респиратордук вирустардын бир нече түрү таралып жатканы аныкталган. Алардын ичинен риновирус 47,6 пайызды, парагрипп вирустары 21,5 пайызды, аденовирус 13,8 пайызды, сезондук коронавирустар 10,2 пайызды, бокавирус 6,1 пайызды жана респиратордук-синцитиалдык вирус 0,8 пайызды түзгөн.

Учурда республика боюнча сасык тумоого каршы эмдөө иштери уланууда.

Дарыгерлер жарандарды оорунун алдын алуу үчүн колду самындап тез-тез жууп, бөлмөлөрдү желдетип, нымдуу тазалоо жүргүзүүгө чакырат. Ошондой эле эл көп чогулган жерлерде медициналык беткап тагынуу, жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө ооз-мурдун жабуу сунушталат.

Адистер оорунун белгилери байкалса, үйдө калып, өз убагында медициналык жардамга кайрылууну эскертишет. Балдарды оорунун белгилери менен мектепке жана бала бакчага жибербөө зарыл.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар