Башкы беткеКоомӨлкөдө 4 миллиондон ашык адам кинотеатрларга барган

Өлкөдө 4 миллиондон ашык адам кинотеатрларга барган

Кыргызстанда бүгүнкү күндө 21 кесиптик театр, 32 кинотеатр жана 66 музей иш алып барат. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети маалымдады.

Маалыматка ылайык, 2025-жылы театрларда 1 миң 931 спектакль коюлган. Кинотеатрларда 247 миңден ашык сеанс көрсөтүлүп, аларга 4 миллиондон ашык көрүүчү барган.

Мындан тышкары, өлкөдө клуб тибиндеги 715 маданият мекемеси иштейт. Алардын 90 пайыздан ашыгы айыл жергесинде жайгашкан.

Ошондой эле республикада үч филармонияны кошкондо алты концерттик уюм бар. Алар былтыр жалпы 197 концерт уюштурган.

Өлкөдөгү 66 музейде 211 миңге жакын экспонат сакталат. Ал эми жарандардын маданий эс алуусу үчүн 49 маданият жана эс алуу паркы иштейт.

Белгилей кетсек, Маданият кызматкерлеринин күнү 1995-жылы өкмөттүн токтому менен белгиленген. Бул майрам кыргыз элинин маданий жана тарыхый мурастарын сактоо жана жайылтуу максатын көздөйт.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар