2-ноябрда Бишкектеги Турдакун Усубалиев атындагы Эски аянтта кыргыз профессионал театрынын 100 жылдыгына жана Маданият кызматкерлеринин күнүнө арналган майрамдык иш-чара өттү.
Салтанаттуу жүрүштөн кийин майрамдык программа шоу-концерт менен уланды. Ага мамлекеттик катчы Арслан Койчиев, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, маданият жана искусство ишмерлери, театрлардын чыгармачыл жамааттары жана шаар тургундары катышты.
Концертте кыргыз профессионал театрынын кылымдык тарыхын, басып өткөн жолун жана улуттук искусстводогу ордун чагылдырган театралдаштырылган көркөм номерлер көрсөтүлдү. Ошондой эле эстрада ырчылары жана чыгармачыл инсандар өнөрлөрүн тартуулашты.
Иш-чара кыргыз театр искусствосунун тарыхын даңазалоого, театр ишмерлеринин эмгегин белгилөөгө жана улуттук маданияттын өнүгүшүнө кошкон салымын көрсөтүүгө арналды.


