Башкы беткеКоомБШК шайлоо процессинин жеткиликтүүлүгүн камсыздоо боюнча адистерди окутту

БШК шайлоо процессинин жеткиликтүүлүгүн камсыздоо боюнча адистерди окутту

20–29-октябрь күндөрү Бишкек, Нарын, Талас, Каракол шаарларында жана Чүй облусунда шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча тренингдер жана координациялык жолугушуулар өткөрүлдү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдады.

Иш-чаралар жарандардын айрым категорияларынын, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын шайлоо укуктарын ишке ашырууга шарт түзүү максатында уюштурулган. Анда 2027-жылдын январында өтө турган президенттик шайлоого даярдык көрүүгө да өзгөчө көңүл бурулду.

Тренингдерде мамлекеттик органдар менен шайлоо комиссияларынын кызматташуусу, санариптик кызматтардын мүмкүнчүлүктөрү жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын муктаждыктарын аныктоочу автоматташтырылган системанын иштеши талкууланды.

Ошондой эле аскер кызматкерлеринин, камак жайларындагы адамдардын жана социалдык мекемелерде жашаган жарандардын добуш берүүсүн уюштуруу маселелери каралды. Шайлоочуларга маалымат жеткирүү, үгүт иштерин жүргүзүү, шайлоо участкасынан тышкары добуш берүү жана добуш берүүнүн жашыруундугун сактоо боюнча түшүндүрмөлөр берилди.

Жолугушуулардын жүрүшүндө айрым жарандардын шайлоого катышуусуна тоскоол болгон жагдайларды жоюу, алардын укуктарын коргоонун укуктук кепилдиктерин жана практикалык механизмдерин күчөтүү маселелери да көтөрүлдү.

Иш-чараларга шайлоо комиссияларынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, социалдык жана медициналык мекемелердин, Ички иштер министрлигинин, Мамлекеттик чек ара кызматынын, Коргоо министрлигинин жана Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын 260тан ашык өкүлү катышты.

БШКнын маалыматына ылайык, катышуучулар алган билимдерин президенттик шайлоонун алдында кесиптештерине өткөрүп берүү үчүн окутуу жана маалыматтык иш-чараларды уюштурууда пайдалана алышат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар