Кыргызстан Талас облусундагы Талды-Булак, Андаш жана Бала-Чычкан алтын кендерин инвесторлорго бербей, мамлекет өзү иштетүүнү пландап жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров жергиликтүү тургундар менен жолугушууда билдирди.
Анын айтымында, бул иштерди жүргүзүү үчүн «Кыргызалтын» ишканасында адистерден турган команда түзүлгөн. Президент кендерди өздөштүрүүдө экологиялык талаптар сакталарына да токтолду. Ошондой эле кен казуу долбоорлорунда мамлекеттин үлүшү 30 пайызды түзөрүн белгиледи.
Мындан тышкары, Жерүй кенинен 2026-жылдын тогуз айында мамлекеттик казынага салыктар жана башка төлөмдөр түрүндө 20 миллиард сом түшкөнүн маалымдады.
Ал эми 2031–2032-жылдары Кумтөрдөгү карьерди иштетүү аяктагандан кийин техникалар Жетим-Тоо кенине өткөрүлөрүн кошумчалады.


