4-ноябрда Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Оморбек Торобаев АКШнын Кыргызстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Мэтью Хабиновски менен жолугушту.
Жолугушууда Ош шаары менен АКШнын шаарларынын ортосунда, анын ичинде Чикаго менен боордоштук байланыштарды түзүү, инвестиция тартуу жана эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Оморбек Торобаев шаарда түзүлүп жаткан ишкердик жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат берип, мейманкана куруу, туризм, соода-логистика тармактарында кызматташууга Ош шаары кызыкдар экенин белгиледи.
Ал эми Мэтью Хабиновски бизнес-өнөктөштүктү өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана ишкердик тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүктөрүнө токтолду.
Мындан тышкары, тараптар билим берүү, англис тилин үйрөнүү, транспорттук логистика, саламаттыкты сактоо жана туризм багыттарындагы кызматташтыкты талкуулашты. Маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүү жана социалдык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери да каралды.
Жолугушуунун жыйынтыгында эки тараптуу байланыштарды чыңдоо, инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча макулдашылды.


