Кыргызстанда өстүрүлгөн малина, карагат жана ежевиканы Кытай рыногуна экспорттоого расмий уруксат берилди. Бул ата мекендик дыйкандар жана экспорттоочулар үчүн жаңы рынокко чыгууга жол ачат.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын 31-августунда Кыргызстандын жана Кытайдын Башкы бажы башкармалыгынын ортосунда өсүмдүктөрдүн карантини жана фитосанитардык талаптар боюнча протоколго кол коюлган.
Анын негизинде Кытай тарап 20-октябрда №149 расмий жарыясын чыгарып, Кыргызстандан төмөнкү жаңы мөмө-жемиштерди импорттоого уруксат берген:
малина;
карагат;
ежевика (кара бүлдүркөн).
Экспорт жүргүзүү үчүн мөмө-жемиш өстүрүлгөн жер тилкелери жана продукцияны таңгактоочу ишканалар Кытай тараптын талаптарына жооп берип, тиешелүү каттоодон өтүшү керек.
Министрлик экспортко кызыкдар болгон дыйкандарды жана таңгактоочу ишканалардын ээлерин каттоо жол-жоболорунан өтүү үчүн Химиялаштыруу, өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин департаментине же анын аймактык бөлүмдөрүнө кайрылууга чакырды.


