Башкы беткеКоом"Бала ырысы" жөлөк пулун алган балдардын саны 266 миңден ашты

“Бала ырысы” жөлөк пулун алган балдардын саны 266 миңден ашты

Кыргызстанда үч жашка чейинки балдарга берилүүчү ай сайынкы «Бала ырысы» жөлөк пулун алуучулардын саны 266 миңден ашты. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, 2026-жылдын ноябрь айына карата өлкө боюнча 266 миң 166 балага жалпы 328 млн 20 миң сом жөлөк пул төлөндү.

Октябрь айына салыштырмалуу алуучулардын саны 13 миң 467 балага же 5,3 пайызга көбөйгөн. Ал эми төлөмдөргө керектелген каражаттын көлөмү 16,5 млн сомго өскөн.

Өкмөттүн баштапкы божомолунда «Бала ырысы» жөлөк пулун өлкөдө 470 миңге жакын бала алат деп эсептелген.

Белгилей кетсек, «Бала ырысы» жөлөк пулу бала төрөлгөн күндөн тартып үч жашка чыкканга чейин ай сайын берилет. Аны алуу үчүн ата-энеси же мыйзамдуу өкүлү арыз менен кайрылып, бала жөлөк пул алуучу менен бирге жашашы керек.

Эгерде бир учурда эки же андан көп бала төрөлсө, жөлөк пул ар бир балага өзүнчө чегерилет.

Аталган төлөм 2023-жылдын 1-августунан тартып төрөлгөн балдарга каралган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар