Бишкектеги “Мадина” контейнердик базары 10-ноябрдан тарта соода жүргүзүүнү токтотот. Бул тууралуу базардын администрациясы ижарачыларга кабарлаган.
Эскертмеге ылайык, ишкерлер 20-ноябрга чейин товарларын жана башка материалдык баалуулуктарын чыгарып кетип, соода жайларын мөөр басып жабышы керек.
10-ноябрдан тарта базардын А, В, С, Д, Е, Н, “Север-Новый”, “Север-1”, “Север-2” соода катарлары, мечиттин астындагы бутиктер жана “Пахта” катары кардарлар үчүн толук жабылат.
Эске салсак, 2026-жылдын жай айларында бийлик “Мадина” базарын жаап, соодагерлерди жаңы “Ала-Тоо” базарына көчүрүү чечимин жарыялаган. Бирок ишкерлер ижара акысынын кымбаттыгына жана соода жүргүзүүгө шарттардын толук түзүлбөгөнүнө нааразы болушкан. Мындан улам мэрия базарды жабуу мөөнөтүн жылдырган.
20-октябрда президент Садыр Жапаров эски жана жаңы базарларды кыдырып, соодагерлер менен жолуккан. Ал көчүүгө көмөк көрсөтүү үчүн транспорт бөлүп берүүнү, жаңы базарда алгачкы үч ай ижара акысынан бошотууну жана андан кийинки мезгилде жеңилдетилген тарифтерди белгилөөнү тапшырган.
Ошондой эле “Мадина” базарынын ордуна элиталык турак жай комплексин куруу пландалып жатканын билдирген.


