Кыргызстандык студенттер Москва шаарында өткөн IV «Точка А» эл аралык студенттик спектаклдер фестивалында ийгилик жаратышты. Алар «Эң мыкты актёрдук ансамбль» номинациясында жеңүүчү деп табылды.
Аталган сыйлык Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдындагы Б. Ибраев атындагы Театралдык окуу жайдын 3-курсунун студенттерине ыйгарылды.
2026-жылдын 27-октябрынан 2-ноябрына чейин өткөн фестивалга Россиянын жана КМШ өлкөлөрүнүн театр окуу жайларынын студенттери катышты.
Кыргызстандык жаш таланттар грузин жазуучусу Нодар Думбадзенин «Мен күндү көрүп турам» чыгармасынын негизинде даярдалган спектаклди тартуулашты. Анда Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы окуялар, адамгерчилик, сүйүү жана үмүт темалары чагылдырылган.
Студенттердин сахнадагы чеберчилиги калыстар тобунун жогорку баасына татыды. Калыстар тобунун курамында Россиянын театр жана маданият тармагынын белгилүү өкүлдөрү, анын ичинде Егор Перегудов жана Ирина Апексимова да болушту.
Фестивалдын алкагында катышуучулар үчүн кесиптик мастер-класстар жана тажрыйба алмашуу жолугушуулары уюштурулду.
Белгилей кетсек, «Точка А» эл аралык фестивалы жаш театр адистерин колдоого, алардын чыгармачылык дараметин өнүктүрүүгө жана өлкөлөр ортосундагы маданий байланыштарды бекемдөөгө багытталган.


