Башкы беткеМаданият"Кыргызсериал" 2027-жылга карата көркөм сериалдардын сценарийлерине сынак жарыялады

“Кыргызсериал” 2027-жылга карата көркөм сериалдардын сценарийлерине сынак жарыялады

«Кыргызсериал» мамлекеттик мекемеси 2027-жылдагы тематикалык планга киргизүү үчүн көркөм сериалдардын сценарийлерине сынак жарыялады. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Сынактын максаты — улуттук тарыхты жана көрүнүктүү инсандарды таанытуу, улуттук баалуулуктарды жайылтуу, ошондой эле коомдогу актуалдуу маселелерди чагылдырган сапаттуу сериалдарды жаратуу.

Сынакка улуттук нарк, салт-санаа, тарбия, билим берүү, жаратылышты коргоо жана туризмди өнүктүрүү, белгилүү инсандардын өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу сценарийлер кабыл алынат. Ошондой эле «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик уңгужолу» мамлекеттик программасынын алкагындагы сериалдардын уландысына да долбоорлор сунушталат.

Сынакка аудиовизуалдык чыгармаларды өндүрүүгө укугу бар жеке киностудиялар жана продюсердик компаниялар катыша алышат. Ар бир катышуучу бир гана долбоор сунуштай алат.

Катышуу үчүн сериалдын концепциясын, биринчи сериясынын толук сценарийин, 2–3 сүйлөмдөн турган логлайнды, синопсисти жана автордук укукту тастыктаган документтерди тапшыруу зарыл. Сценарий мамлекеттик тилде жазылып, буга чейин жарыяланбаган болушу керек.

Документтер 2026-жылдын 25-декабры саат 17:00гө чейин кабыл алынат. Сунушталган долбоорлор атайын Көркөм кеңеш тарабынан каралат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар