Башкы беткеКоомБишкекте ата-энелерге балдардын коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Бишкекте ата-энелерге балдардын коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Бишкекте өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын алдын алуу жана балдардын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери ата-энелер менен талкууланды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-ноябрда «Таберик» балдар музыкалык театрында Октябрь районундагы мектеп жетекчилери жана ата-энелердин катышуусунда жолугушуу өттү. Ага мэрдин орун басары Рахат Мусаева, прокуратуранын, милициянын, саламаттык сактоо тармагынын жана башка тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү катышты.

Жолугушууда жашы жете электер арасындагы укук бузуулардын алдын алуу, өспүрүмдөрдүн ден соолугун коргоо, баңгизаттардын жана зыяндуу адаттардын жайылышына бөгөт коюу, ошондой эле жол кыймылынын эрежелерин сактоо маселелери каралды.

Адистер ата-энелерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, турмуштагы кырдаалдарды чагылдырган видеоматериалдарды көрсөтүштү.

Рахат Мусаева баланын тарбиясында үй-бүлөнүн орду чоң экенин белгилеп, ата-энелерди балдарынын күнүмдүк жашоосуна көбүрөөк көңүл бурууга жана мектеп менен тыгыз байланышта болууга чакырды.

Жолугушуу суроо-жооп форматында уланып, ата-энелер өздөрүн кызыктырган суроолоруна тиешелүү кызматтардын өкүлдөрүнөн жооп алышты.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар