Өтмөк ашуусунда бүгүн аба ырайы ачык болуп, унаалардын каттамы үзгүлтүксүз камсыздалууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол тейлөө кызматкерлери кышкы мезгилге даярдык көрүп, 7 миң тонна кум жана 300–400 тонна туз камдашкан. Ошондой эле атайын техникалар ишке тартылып, 3,5 миң литр дизель майы даярдалган.
Министрликтен белгилешкендей, ашуунун абалы нөөмөт уюштуруу аркылуу туруктуу көзөмөлгө алынууда. Учурда Төө-Ашуу жана Долон ашууларында да аба ырайы ачык болуп, унаалардын кыймылына чектөө жок.

