Башкы беткеМинистрлер кабинетиКыргызстан менен Пакистан соода жүгүртүүнү 200 млн долларга жеткирүүнү көздөйт

Кыргызстан менен Пакистан соода жүгүртүүнү 200 млн долларга жеткирүүнү көздөйт

Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Кайрат Турсункулов Пакистанга болгон иш сапарынын алкагында бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуулар Экономикалык кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлер кеңешинин 30-жыйынынын алкагында Исламабад шаарында өттү.

Алгач Кайрат Турсункулов Пакистандын премьер-министринин орун басары, тышкы иштер министри Мухаммад Исхак Дар менен жолугушту. Анда эки өлкөнүн жогорку деңгээлдеги сапарлары учурунда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу, соода-экономикалык, инвестициялык жана транспорттук-логистикалык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

Ошондой эле Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Пакистандын тышкы иштер министринин орун басары Асим Ифтихар Ахмад менен жолугушту. Тараптар кыргыз-пакистан Өкмөттөр аралык комиссиясынын буга чейинки макулдашууларынын аткарылышын карап чыгып, комиссиянын кезектеги жыйынын 2027-жылдын биринчи жарымында өткөрүү боюнча пландарды талкуулашты.

Сүйлөшүүлөрдө энергетика, айыл чарба, фармацевтика жана санариптештирүү тармактарындагы кызматташтыкка да көңүл бурулду.

Мындан тышкары, Кайрат Турсункулов Пакистандын Улуттук логистикалык корпорациясынын башкы директору, генерал-майор Фаррух Шахзад Рао менен жолугушту. Анда жүк ташуулардын көлөмүн көбөйтүү, биргелешкен логистикалык долбоорлорду ишке ашыруу жана эки өлкөнү байланыштырган транспорттук каттамдардын натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери каралды.

Белгилей кетсек, эки өлкөнүн жетекчилиги өз ара товар жүгүртүүнүн көлөмүн 200 миллион АКШ долларына чейин жеткирүү милдетин койгон. Бул максатта транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүү жана соода мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча иштер улантылат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар